
1 FAA-420-RI-ROW
1.1 Белгилүү максатта пайдалануу үчүн
Алыскы индикатор автоматтык кабарлагыч, жабык имараттар, асма шыптар же дубалдар сыяктуу жашыруун же
көрүнбөгөн жерде орнотулган болсо колдонулат.
1.2 Техникалык маалымат
Электр агымынын керектелиши (эң төмөнк) 3 мА
Зымдардын мүмкүн болгон диаметри 0.45 мм – 1.4 мм
Сырткы көлөмү85 x 85 x 29 мм
Салмагы 45 гр
1.3 Эрежелер жана шарттар
Түзмөктү орнотуу жана иштетүү
Орнотуу атайы окуудан өткөн жана дасыккан кызматкер тарабынан гана аткарылуусу зарыл.
Орнотуу боюнча жергиликтүү эрежелериңизди аткарыңыз.
Бул түзмөктүн иштетилиши жеке, үй-бүлө жана тиричиликте колдонуу үчүн багытталган эмес.
Бул түзмөктөр коркунучтуу чыңалууну шарттабаган SELV (эң төмөнкү вольттогу коопсуз) схемасы менен
жабдылган. Андыктан атайын коопсуздук чаралары талап кылынбайт.
Алыскы индикаторго бир гана кабарлагычты туташтырууга болот. LSN түзмөктөрү менен алыскы
индикаторлордун, ошондой эле LSN интерфейс модулдарынын жана стандарттуу түзмөктөрдүн ортосундагы
LSN перифериялык түзмөктөрүнүн бардык кабелдеринин узундуктарынын суммасы 500 метрден ашпашы
керек.
Алыскы индикаторду иштетүү үчүн:
Алыскы индикатор бузулбай, талаптагыдай иштеши үчүн электр агымын тыштан 30 мА чейин
чектөө керек.
1. Алыскы индикаторду кабарлагычтын түбүнө жалгаштырып, шыптын/дубалдын бетине орнотуңуз.
2. Талап кылынган параметрлерди жана конфигурацияны алыстан программалоо каражаты (RPS) менен
программалаңыз.
Түзмөктөрдү коммерциялык же өндүрүштүк аймактарда колдонуу боюнча чектөөлөр жок.
Төмөнкү таблицада көрсөтүлгөн жылуулук аралыгын сактоо зарыл.
Мүмкүн болгон иштөө температурасы -20°C баштап +65°C чейин
10 | version 1.0 | 2015.10 Bosch Sicherheitssysteme GmbH F.01U.317.531